Улут болсом, тилим менен улутмун!
Эне тилим – ыйык туткан сыймыгым,
Бабалардан жете келген сыйлыгым.
Тамчы суудай бапестелип сакталган,
Жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым.
Эне тил… Кулакка кандай жагымдуу угулат. Эзелтеден өз жерин мекендеген адам баласы дал ошол өз эне тилинде сүйлөп келет. Анткени, түйүлдүк кезинен бащтап, жарык дүйнөгө келгичекти ымыркай эң алгач энесинин үнүн, демин сезип, “Баа” деп бакырып жерге түшөөр замат эне сүтүн оозанат. Эне менен эне тил… Бул экөө тээ эзелтеден бери бирдей деңгээлде каралып, бирдей деңгээлде ардакталып, көкүрөккө уюп, сакталып келүүдө. Бүтундөй дүйнөнүн түркүгү да ушлардыр….
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү деп жыл сайын белгиленип келет. Мамлекеттик тил кеӊири маанисинде — бул улуттун иденттүүлүгүн аныктаган фактор, коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык чөйрөсүндө адамдар ортосунда карым-катнаштын каражаты.
Урматтуу ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар! Сиздерди чын жүрөктөн Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз! Сиздерге бакубат жашоо, узун өмүр жана ден-соолук каалайбыз. Мамлекеттик тилди барктайлы жана сактайлы! Кыргыз тилин урпактан урпакка улуу таза мурас кылып өткөрүп берели!
Терең урматтоо менен, мектеп администрациясы
Комментарии