Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусуна 27 жыл!
2 март күнү № 29 гимназиялык билим берүүчү мектеп-комплексинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусуна арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарага 7-8-класстын окуучулары катышты. Мектептин короосуна шаң менен туу көтөрүлүп, окуучулар желектеги символдорду чечмелешти. Андан соң Кыргыз Республикасынын мамлкеттик гимнин аткарышты. Бул иш-чаранын максаты окуучулардын желектин пайда болуу тарыхын жана мамлекеттик символикаларга сый-урмат менен мамиле кылуусуна багытталган .
Эске салсак, бул жылы мамлекеттик тууга 27 жыл толду. Желектин биринчи эскизи 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган.
Комментарии